Кечээ, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Тотонов идеологиялык иштерди жүргүзө турган, кыргыз элинин маданиятын, менталитетин жакшы түшүнгөн мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүүнү сунуштады. Ал коомчулукта ушундай суроо-талаптар пайда болгонун айтты.
SUPER.KG порталы "Парламентте мамлекеттик идеология көйгөйү көтөрүлүп, мамлекеттик катчынын институтун кайтаруу керектиги айтылды. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз эле жүргүзүүгө болбойбу?" деген собол салды.
МОМБЕКОВ: "Мамлекеттик идеология боюнча өкмөт өтө чабал саясат жүргүзүп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик катчы институту керектигин билдирди.
"Мамлекеттик идеология бизде жок. Мамлекеттик идеология жок болгондуктан, мамлекетте ар дайым ушундай бийликке нааразычылык болот. Бизде маданиятты, адабиятты, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын, социалдык муктаждыкты мамлекеттик катчы көзөмөлгө алышы керек болчу. Бул нерсени көзөмөлдөө зарыл. Анткени өкмөт бул жакта өтө чабал саясат жүргүзүп жатат. Мамлекет башчынын болсо мамилеси жок болуп жатат. Мамлекет катчы институту мамлекеттик тилди, маданиятты, адабиятты көзөмөлдөй турган орган. Маданиятты көтөрүү үчүн көчмөндөр оюндарын өткөрүп жатабыз. Ар кандай мамлекеттүүлүктү бекемдей турган иш-чараларды өткөрөбүз да мамлекеттик катчы институтубуз жок. Мындай институт мурун болгон. Бирок мамлекеттик катчы институту өкмөт башчы менен президенттин ортосундагы орган болуп калган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик катчы институту керек", - дейт Момбеков.
ЖАМАЛДИНОВ: "Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысы жок эле жүргүзсө болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов мамлекеттик катчысы жок эле мамлекеттик идеологияны жүргүзсө болот деген пикирде.
"Идеология - бул өзүбүздүн салтыбыз, маданиятыбыз, көрүнүктүү инсандарыбыз. Мисалы, Исхак Разаков, Абсамат Масалиев сыяктуу инсандарыбыз элге ак кызмат өтөгөн. Идеологияны бала бакча, мектепте, үйдөн айтыш керек. Бүгүнкү күндө бизде идеология бар. Мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысы жок эле жүргүзсө болот", - дейт Жамалдинов.
ТИЛЛАЕВ: "Мамлекеттик катчы институтун түзүп койсок эле бизде кырдаал, элдин ою же идеологиясы өзгөрүп кетет дегенге кошулбайм"
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, мамлекеттик идеология көйгөйүн президент өзү колго алышы керек.
"Мамлекеттик катчы институтун кайтаруу жакшы. Мамлекеттик катчы институтун түзүп койсок эле бизде кырдаал, элдин ою же идеологиясы өзгөрүп кетет дегенге кошулбайм. Азыркы жаңы заманбап технология, интернет, бардык маалымат каражаттары өнүккөн кезде бул институттун иштешине көзүм жетпейт. Акыркы убактарда болуп жаткан кырдаалдардан кийин президент идеология маселесин өз колуна алат деп ойлойм. Ал өзүнүн алдыңкы жылдарга болгон программасында же ой-пикиринде бир элди бириктире турган идеологияны айтып чыкса жакшы болмок. Кыргыз эли чек арадан баштап экономика, ЕАЭБге киргенде, кечээ жакында болгон кырдаалда башка мамлекеттердин биздин тынчтыгыбызды, суверенитеттүүлүгүбүздү бузганга көз карашы өзгөрүп калганын билип жатабыз. Өлкөнүн келечеги үчүн кыргыз эли биригип, бир идеологияны кармашыбыз зарыл.
Менин жеке оюм боюнча, мамлекеттик катчы институтун кайрадан түзүп эмес, президент өзү колго алып, кыргыз эли бир идеологиянын артына турушубуз зарыл", - дейт Тиллаев.
БЕКМАНБЕТОВ: "Мамлекеттик катчы институту кайрадан түзүлсө жакшы болмок"
Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Фархад Бекманбетов мамлекеттик катчы институту кайрадан түзүлсө туура болмок деген пикирде.
"Мурда мамлекеттик катчы деген институт бар болчу да. Азыр мамлекеттик идеология боюнча тыгыз иштеген киши жоктой сезилет. Эгерде мамлекеттик катчы болсо мамлекеттик идеологияны алып барганга шарт түзүлөт. Мамлекеттик катчы институту кайрадан түзүлсө жакшы болмок", - дейт Бекманбетов.
БОЛЖУРОВА: "Идеологиябыз эмне, баалуулуктар кандай, келечек эмне болот, элибизди кантип сактап калышыбыз керек, рухту кантип байытабыз деп талкуулоо керек"
Мурдагы билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова мамлекеттик идеологияны мамлекеттик катчысыз жүргүзүүгө болбой турганын айтты.
"Идеологиябыз эмне, баалуулуктар кандай, келечек эмне болот, элибизди кантип сактап калышыбыз керек, рухту кантип байытабыз деп талкуулоо керек. Ошонун баарын тең атайын бир топ чечмелеп, элдин алдына чыгарышы керек. Эл менен чогуу кеңешип, ошол идеологияны таратуу керек", - дейт Болжурова.