Соттун Молдомуса Конгантиевди актоо чечими өзгөртүүсүз калды

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актоо өкүмү мурунку күчүндө, өзгөртүүсүз калды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына жактоочу Икрамидин Айткулов ырастады. Айтымында, биринчи инстанциянын чечимин бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаардык соту колдогон.

"Бүгүн,16-декабрда соттук коллегияда Бишкек шаардык соту кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Чыгарылган өкүмдө Биринчи Май райондук сотунда биринчи инстанцияда каралган Конгантиевди актоо боюнча өкүм өзгөрүүсүз калтырылды. Прокуратуранын айыптоолору канааттандырылган жок", - деди жактоочу.

Эскерте кетсек, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан жана прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштаган.

Ал эми мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан