Атамбаевдин камакта калуу мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Бүгүн, 14-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты. Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышпаганын анын жактоочусу Сергей Слесарёв айтты. "Отурумда Алмазбек Шаршеновичтин баш коргоо чарасы жана соттук териштирүүнүн мөөнөтү тууралуу маселе каралды. Мыйзам боюнча Атамбаев камакта эмес, мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда болушу керек. Ага карабай камакта калуу мөөнөтү дагы 15-мартка чейин узартылды. Учурда Алмазбек Шаршеновичтин абалы жакшы. Кийинки отурумда соттук териштирүүнү Биринчи Май райондук сотунун имаратында өткөрүү боюнча өтүнмө кылабыз", - деди жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elebes86
2020-01-14 16:45:39
Атамбаев болбогондо Сооронбай Жээнбеков эч кандай президент боло алмак эмес. Атамбаев колдогон учун Жээнбековтун багы ачылып кетти. Бул Атамбаевтин чон катасы болуп калды. Сооронбай калп эле Эл көзүнө жакшы көрүнүп, бирок көшөгө артында жеп-ичкен адам экен да.
-2
Mister-X
2020-01-14 17:05:53
elebes86,Атамбаевдин бул эле чон катасы эмес.Президент убагында аябай коп ката кетирген.Жээнбековду алып келбей,шайлоону таза откозсо болмок.Бирок жакшы адам президент болсо, Атамбаев баары бир камалмак,ошол сен айтып жаткан каталары учун.
+2
Absamat-90
2020-01-14 17:41:10
elebes86, оюна келгенди айта бересиңби. Сенин оюнча өлкөдө коррупция гүлдөп, башаламандык бол бериши керек экен да.Дал ошол уурулук жолун колдобой койгон Жээнбеков эркек экен.
+4
Ali-han
2020-01-15 01:17:54
elebes86,Жээнбеков менен чогуу чай ичип жургонсуп жазыптырсын да! Күнөөсү болсо камалсын. Атамбаевдин адамдары туз жалагыла!!!
-1
Tolkun555
2020-01-14 17:34:14
Атамбаевди ошол Жээнбековту коддоп президент кылганы учун Камаш керек.эн туура айтасынар устудогулор.
0
Jaznura
2020-01-14 17:38:38
Ашанын кылганын баары билет.
0
chake
2020-01-14 18:03:00
АлМас агынан уруп жата бер сен 6 жыл иштеген ишиндин мөмөсүн бүгүн көрүп жатасын
-3
Nazar76
2020-01-14 19:20:53
Атамбаев кой таштагы курал колдонгону учун жооп бериш керек
-2
mirkaa5182
2020-01-14 19:27:58
"АША ишиң каша" болуп калды. Убагында Алмаз таза иштебей, эми "өзүң кылган иш, өз башыңа муш" болуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан