Бүгүн, 16-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум болуп өттү. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты.
Отурум 3 сааттан ашык убакыт болду. Андан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй маалымат берди.
"Отурум 21-январга жылдырылды. Бүгүн дагы биз соттук ишти Алмазбек Шаршеновичтин катышуусуз өткөрдүк. Сот жактоочулардын соттук процессти Биринчи Май сотунун сот залына которуу боюнча өтүнмөлөрүн карады. Андан баш тартылды. Мындан тышкары, сот процессин токтото туруу жөнүндө өтүнмөлөр келтирилди. Себеби азыркы соттук териштирүү жүрүп жаткан бөлмөдө видео, аудио фиксаторлор орнотулган эмес. Процесстин катышуучулары үчүн шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы, менде керектүү кагаздарымды койгонго стол, жазууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Жактоочу тарап соттук процесс өтүп жаткан бөлмөнүн шарты жок болгонуна байланыштуу, бир нече өтүнмө кылганына карабастан, андан баш тартылып келет. Соттук териштирүүнү токтотуп туруу жөнүндө сунуштар айтылды. Бул өткөн отурумда кабыл алынган Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын узартуу жөнүндө токтомго байланыштуу болду. Бирок сот бүгүнкү күнгө чейин жактоочуларга дагы, Алмазбек Шаршеновичке дагы бул токтомду бере элек. Сот бизге мөөр коюлбаган Биринчи Май райондук сотунун токтомун алууну сунуштады. Бирок мөөрү жок токтом, документ болуп саналбайт жана биз аны даттануу үчүн колдоно албайбыз. Мен сотто төрагалык кылып жаткан сотко карата бир нече жолу нааразычылыгымды билдирдим. Себеби ал бир нече жолу жактоочулардын сөзүн бөлүп, алар өтүнмөлөрүн негиздеп жатканда тоскоол болду. Бул жолу дагы соттун бул иштен баш тартуусу боюнча өтүнмө кылынды. Андан дагы баш тартылды. Мына 3 сааттан ашык убакыт бою ушул маселелерди карап жаттык", - дейт жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.