Бүгүн, 16-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум уланууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.
Калыбек Качкыналиевдин кызыкчылыгын жактап жаткан жактоочу Жаманкул Жунусов отурум Алмазбек Атамбаевсиз өтүп жатканын айтты.
"Батукаев боюнча отурум уланууда. Мен суранып чыктым. Бүгүнкү отурумда мен аппеляциялык даттануу бердим. Батукаев боюнча иш бүгүн шаардык сотко жөнөтүлүшү керек эле. Соттук иш шаардык сотко жөнөтүлсө өндүрүш иши токтотулушу керек.
Мындан башка дагы өтүнмөлөр келтирилди. Бардык өтүнмөлөрдөн негизсиз баш тартылды. Отурум Атамбаев жок өтүүдө. Ага карабай сот, отурумду сот залында териштирүүдөн баш тартып жатат. Бул жактан дайыма текшерүүгө дуушар болуп, биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Айыпталуучуну кой, өзүбүздүн укуктарыбызды коргой албай жатабыз. Ошондуктан мен соттук иш Нарын шаарына өтүшүн өтүнмө кылдым. Себеби бул иш боюнча соттун токтому ошол жактан чыккан", - деди жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.