"Баткен облусундагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө". Вице-премьер Акрам Мадумаров Тажикстандын вице-премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяга байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кырдаалдын курчушун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар ок атуучу курал колдонууга жол берилбестигин белгилешип, чек ара аймактарындагы чыңалууну басаңдатуу жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүү маанилүү экендигин белгилешти.

"Тараптар буга чейин жетишилген келишимдерге жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамиле жасоого даяр экендигин билдиришти. Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү процессин улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди", - деди Акрам Мадумаров.

Вице-премьер-министр укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик органдарына коопсуздук чараларын күчөтүү жана коомдук тартипти сактоо, чек арага чектеш айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

"Баткен облусундагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө", - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан