SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.
Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, бул жаатта комплекстүү түрдө аткарыла турган иштер көп.
"Бул маселени дайыма көтөрөм, жөн эле көтөрүп койбостон аны аягына чейин чыгарам деп жүрөм. Гепатиттин бир эле С түрүн эмес, Д жана башка түрлөрүн жуктуруп жаткандар көп экени белгилүү болуп калды. Бул орчундуу көйгөй, мунун алкагында жеке министрдин өзү менен да сүйлөшкөм. Ал бир топ иш-чараларды аткарып жатабыз деди. Чынында бир топ комплекстүү иштерди аткаруунун алдында турат жана аткарышы керек.
Бирок 21-кылымда ар кандай жолдор менен ооруну жуктуруу - бул шалаакылык. Адамдар каза болуп жатса, каражаттан кыйналып, бирок аргасыздан кымбат баалуу дарыларды ичип жатышса, муну министрлик жөнгө салышы керек. Же жарандарга операция жасай албаса, же дарылануусуна шарт түзө албаса - уят.
Жарандарыбыз дарылануу үчүн Индияга барып жатышат. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ал жакта биздин бейтаптар операциядан каза болуп калса, акчасын төлөгүлө деп сөөктү да бербей коюшат экен. Мындан тышкары, өзүбүздөн анализ тапшырып, ал жарабай калса кайра ал жактан дагы анализ тапшырып 2-3 убарага түшүшөт, акчасы да кетет. Жарандардын кыйналган учурлары көп болуп жатат. Биз операция жасата албасак дагы ошол жакка барып жаткандардын реестрин түзүп, ишенимдүү клиникаларды таап бербейлиби. Азыр адамдар өздөрү эле кетип жатышат, алар ишеничтүү клиника кайсы экенин билишеби? Жок дегенде жаралган көйгөйлөрдү чечип беришибиз керек да. Ушул маселелер боюнча министрлик менен сүйлөшүү жүргүздүк, бул жаатта комплекстүү иштер аткарылса, оңолууга багыт алат элек деп ойлойм", - деди Маматалиев.