Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 12-декабрга жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн,10-декабрга белгиленген соттук отурум уланууда.

Бул соттук отурум 6-декабрга белгиленип, бирок судьянын ооруп калганына байланыштуу бүгүнкү күнгө жылган.

Сот башталганга чейин жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин азыркы абалы тууралуу комментарий берди.

"Алмазбек Шаршеновичтин азыркы абалы жакшы эле, ал өзүн жакшы эле сезип жатат" деди ал.

Бүгүнкү сотко Абдухалим Раимжанов келбегендигине байланыштуу отурум 12-декабрь саат 15:00гө жылды.

Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум 12-декабрга жылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2019-12-10 14:52:05
Атамбаев өзүн психикалык жактан оорукчан экенинен коркуп жатат дейби? Мен эч кандай күмөн санаган эмесмин. Ал оорукчан экенин адам атып далилдеп койгон.
0
robot111
2019-12-10 14:58:06
Атамбаев Батукаевди бошотуп, Кыргызстанды дүйнө элине шылдың кылды. Биздин мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирди. Башка мамлекеттерге бизде мыйзам иштебей эле акча маанилүү ролду ойной турганын далилдеди. Убагында Батукаев деле кыргыз бийлигин теңине алган эмес. Тоготуп дагы койгон жок. Ошонун кесепетинен биздин аткаминерлерди кызылдай акчага сатып алып, адамдардын коштоосунда өлкөдөн чыгып кетти.
0
chake
2019-12-10 14:52:16
Муну өлөт деген Атамбев эми озү түрмөдөн жинди деген документ жасатып жатат деп уктум го ошол чынбы экен
0
Absamat-90
2019-12-10 14:54:23
Абдухалим Раимжанов эми коп ооруйт го.
0
zhigitaly
2019-12-11 02:44:37
Үч күн ичинде ким күнөөлүү экенин тактап койчу нерсени үч жыл созот экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан