Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү айтылды

Кечээ, 16-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум улантылды. Процесс Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда өтүүдө. Кечээ анда жарыш сөзгө орун берилди.

Бул ишке "коррупция" беренеси менен айыпталуучу катары каралып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратуу, мүлктөрүн конфискациялоо жана бардык мамлекеттик сыйлыктарын артка кайтарууну мамлекеттик айыптоочулар соттон өтүнгөнүн айтат.

"Бул айыптоолор, албетте, негизсиз, кийинки соттук отурумдагы жарыш сөздө биз буга далилдер жок экенин айтабыз" деди ал.

Мамлекеттик айыптоочулар сотко мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны сот залынан 15 жылга камакка алууну сунушташкан. Батукаевдин бошотулушуна айыпталуучу катары каралган Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылдан камакка алуу, мүлктөрүн конфискациялоо өтүнүчү келтирилген. Батукаевдин абактан бошотулушуна жалпы 19 адам айыпталууда.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан