ЖАМК: "Биздин кызматкер Садыр Жапаровду жатак абакка которуу боюнча маалыматты туура эмес берген"

"Абактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотууга эч кандай мыйзамдуу жүйө жок" деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйында Өкүм аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Термичеков.

"Садыр Жапаровду 6-февралда жатак абакка которуу боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Жапаровдун жактоочулары тарабынан интернет тармактарында туура эмес маалыматтар чыгып келет. Биз жазуу түрүндө дагы маалымат бергенбиз. Биз мыйзам чегинде гана иш алып барабыз. Жатак абакка которуу иши Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы атайын комиссиянын чечими менен ишке ашат.

Жапаровду 6-февралда жатак абакка которуу боюнча маалыматты биздин бир кызматкер туура эмес берип алган. Ал кызматкер Жапаровдун кылмышынын оордугун караган эмес. Анын бул иши иликтенүүдө. Ал кызматкер атайын комиссияда дагы иштебейт. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан башка бөлүмүндө иштейт", - деп билдирди Термичеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-01-28 14:38:36
Жапаров Батукаевден да коркунучтуу кылмышкер кылып алдыңар го уят эле бийликте кээ бир адамдар туура эмес иш алып барып жатасыңар учкундан жалын тутанат болуп кетсе президентин эле шору качышкан туура келет ал эми ушундай кеңеш бергендер билмексен болуп кийинки бийлик менен иштеше берет
+1
mirlanpiter
2020-01-28 14:41:24
Шашпагыла силердиби, Кудай алдында жооп бересиңер!!!Садыр Жапаров күнөөсү жок,элди ойлогон жалгыз патриот адам,, Садыр Жапаровко боштондук!!!
+1
Jaznura
2020-01-28 15:19:40
Садыр Жапаров Жыргалаң кенинин сатылып кетиши боюнча да камалышы керек эле ал боюнча Садыристтер эмнеге үн чыкпайт.
-2
Absamat-90
2020-01-28 15:24:07
Жондон жон эле алып барып камап салган жок да жуйоосу бар.Медалдын эки тарабы бар.
-1
yrmat88
2020-01-28 18:05:57
Азыркы Сооронбай Жээнбековтун бийлигинен эч бир чындыкты кутуп болбойт. Баардык чечимдер Сооронбайдын жеке козомолундо. Эч качан акыйкат чечим чыгарылбайт. Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан