Кытай коронавируска каршы вакциналардын натыйжасыздыгын моюнга алды

Кытайдын ооруларды көзөмөлдөө борбору коронавирустун SARS-CoV-2 деген түрүнө каршы Кытай вакциналарынын натыйжалуулугунун төмөндүгүн тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз эмдөө үчүн ар кандай өндүрүштөгү вакциналарды колдонуп көрүп, расмий түрдө карап жатабыз" деп борбордун директору Гао Фу билдирген. Ошол эле сөзүндө ал Кытай вакциналары "анчалык деле натыйжалуу эмес" деп макул болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Sinovac вакцинасынын эффективдүүлүгү 50,4 пайызды түзөт - салыштыруу үчүн бул көрсөткүч орусиялык жана батыштык аналогдордуку 90 пайыздан ашат. Бирок Кытайда бир дагы чет элдик коронавирустук вакциналар колдонула элек.

Буга чейин он миллиондогон Кытай жарандары эмдөө дозаларын алышкан. Бээжин жайдын ортосуна чейин өлкө бир миллиарддан ашуун адамды эмдөөнү пландап жатканын жарыялаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-04-12 16:12:31
Бизге келгени не деген вакцина экен. Айланайындар кытайдан алыс эле бололучу, албагыла бекер болсо да.
+6
Baiaman997
2021-04-12 17:10:16
Биздин Минздрав жакшы элебикен,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан