Коронавирустун алдын алуу максатында "Манас" эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Аба каттамдарын убактылуу токтоткон авиакомпаниялар жана рейстер:
1. "Түштүк Кытай аба жолдору" (China Southern Airlines, Кытай Эл Республикасы):
Маршрут: Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү.
Бул каттам ушул жылдын 23-январынан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жыл майрамына карата токтотулган. 2-февралдан баштап аталган каттам толугу менен токтотулган.
2. "Флай Дубай" (Fly Dubai, Бириккен Араб Эмираттары):
Маршрут: Дубай–Бишкек–Дубай. 17-18-19-21-23-26-мартка белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
3. "Эйр Арабия" (Air Arabia, Бириккен Араб Эмираттары):
Маршрут: Шаржа–Бишкек–Шаржа. 10-марттан 15-апрелге чейин шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрдөгү жүргүнчү ташыган каттамдары убактылуу токтотулду.
4. "Эйр Астана" (Air Astana, Казакстан):
Маршрут: Нур-Султан–Бишкек–Нур-Султан. Дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөргө белгиленген каттамдардын баары март, апрель айларында учууну убактылуу токтотту.
Маршрут: Алматы–Бишкек–Алматы. 16-18-мартка белгиленген каттам убактылуу токтотулду.
5. "Өзбекстан аба жолдору" (Uzbekistan Airways, Өзбекстан):
Маршрут: Ташкент–Бишкек–Ташкент. 16-марттан 28-мартка чейин ишемби күндөргө белгиленген каттамдар, 1-апрелден 22-апрелге чейин шаршемби күндөргө белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
6. "Азимут" (Azimut, Орусия):
Маршрут: Ростов-на-Дону–Бишкек–Ростов-на-Дону. 11-марттан 15-мартка чейинки каттамдар убактылуу токтотулду.
7. "Урал авиа жолдору" (Ural Airlines, Орусия):
Маршрут: Екатеринбург–Бишкек–Екатеринбург. 11-18-25-мартка белгиленген каттамдар.
8. "Авиа Траффик Компани" (Avia Traffic, Кыргыз өлкөсү):
Маршрут: Бишкек–Дели–Бишкек. 15-19-26-мартка жана апрель айына белгиленген каттамдар убактылуу токтотулду.
Маршрут: Бишкек–Стамбул–Бишкек. 19-22-26-30-март жана 2-3-5-6-9-10-12-13-16-17-апрелге белгилеген каттамдар убактылуу учпайт.
Маршрут: Бишкек–Санкт-Петербург–Бишкек. 21-28-март жана 4-11-15-18-апрель күндөрү учуучу каттамдар токтотулду.
9. "Вареш Эйрлайнс" (Varesh Airlines, Иран):
Маршрут: Тегеран–Душанбе–Бишкек–Тегеран. Аталган каттам ушул жылдын 3-февралынан тарта аптасына бир жолу жүргүнчү ташып баштаган. Аталган каттам 25-февралдан тартып белгисиз мөөнөткө чейин убактылуу токтотулду.
"Ош" эл аралык аэропортунан ишке ашырылып жаткан Эль-Кувейт–Ош–Эль-Кувейт (Jazeera Airways авиакомпаниясы) каттамы 10-марттан 1-апрелге чейин убактылуу токтотулду.
"Манас" аэропортунан билеттерди тапшыруу, кайра алуу жана каттамдардын учуу мөөнөтүн авиакассалардын, компаниялардан тактап алууну суранат.