Министрлик: "Оорудан айыккан жалпы 78 адамдын ичинен 24ү Ош аймагынын тургундары"

Бүгүн, 15-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын беришти.

Жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басарына бир катар суроолор берилди.

Суроо: "Коронавирус жана башка оорулар менен иш алып барып жаткан дарыгерлер жумушта калып иштеп жатабы же үйлөрүнө барып келип иштейби?"

Мадамин Каратаев: "Учурда ооруканага өтө шашылыш, зарыл түрдө жаткырыш керек болгондор, ошондой эле кош бойлуулар менен гемодиализге муктаждар гана жатат. Бул багытта иштеп жаткан медицина кызматкерлерине максималдуу түрдө үйлөрүнө барбай же барса дагы үй-бүлө мүчөлөрү менен контакт болбогондой иштөөгө шарттарды түзүп бергенге аракет кылуудабыз. Ал эми коронавирус илдетине чалдыккандарды жана ага шектелип жаткандарды караган дарыгерлер үйлөрүнө барышкан жок".

Суроо: "Оштогу ооруканада жаткандардан канча бейтап айыгып чыкты?"

Мадамин Каратаев: "Ош облусу бюонча 18 бейтап, Ош шаары боюнча 6 бейтап айыгып чыгышты. Оорудан айыккан жалпы 78 жарандын ичинен 24ү Ош аймагынын тургундары".

Суроо: "Жарандар бир аймактан экинчи аймакка барыш керек болгон шартта кандай медициналык тартип менен киргизесиздер? Блокпосттордо тест алуу уюштурулганбы?"

Мадамин Каратаев: "Карантиндин негизги максаты байланыштарды азайтуу. Эгер жарандар бир аймактан экинчи аймакка бара турган болсо, анда алардын жанында аныктама болушу керек. Жер-жерлерге тест-системдерин жөнөткөнбүз. Кайрылган жарандардын ПЦР-системи боюнча анализи таза болсо, посттордон өтөт. Бирок дагы бир жолу эскертип кетким келет, ар бир жаран мүмкүн болушунча үйдө отуруп, байланыштарды азайтуу керек".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан