Кечээ, 13-февралда өкмөт Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан кеткенин тастыктаган. Бирок анын кызматтан кетишине эмне себеп болгону боюнча маалымат берише элек. Өкмөттүн Мамбетовдун кызматтан кетиши боюнча буйругу да чыга элек.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгы шайлоо учурунда маанилүү фигуралардын бири экени талашсыз. Парламенттик шайлоо алдында аталган кызматтын төрагасын алмаштыруу добуш берүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына таасир берип калышы мүмкүн деген талкуу социалдык тармактарда жүрүп жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы бошотулду. Парламенттик шайлоонун алдында бул кызматка ким келиши керек деп эсептейсиз?" деген собол салды.
ОСМОНАЛИЕВ: "Кадрларды алмаштыруу аракеттери күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу болуп жатат"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев кадрларды алмаштыруу аракеттери күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу болуп жатат деген пикирде.
"Азыркы бийлик эч нерсени ойлонгон жок. Ошон үчүн жандалбастап өздөрүнүн кишилерин коюу аракетинде болуп жатышат. Бийлик шайлоодо административдик ресурсту, акчаны толугу менен пайдаланганда гана утат. Ошон үчүн БШКны, Мамлекеттик каттоо кызматын толугу менен пайдаланып, өздөрүнүн азыркы саясатын жүргүзө алат. Бул жаш балага деле белгилүү. Ошондуктан өздөрүнүн гана кишисин коюу менен алектенип жатышат. Акыркы жолу Мамлекеттик каттоо кызматы кандай жаңылыштыкты кетирди? Жакында шайлоо өтө турган шаарларга көп жарандар катталып жатат. Бул тигилердин кыжырына тийип, Алмаз Мамбетовду жумуштан алып коюшту", - дейт Осмоналиев.
МОЛДАКМАТОВ: "Мамкаттоо кызматынын төрагалыгына мамлекеттин кызыкчылыгын бекем карманган киши келиши керек"
"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бул кызматка ким келиши керек деп айтуу оор экенин билдирди.
"Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматтан кеткени баарына белгилүү болду. Коррупциялык элементтерге жол бергени үчүн жумуштан алынды. Анын ордуна ким келет билбейбиз. Мурунку бийлик тушунда Тайырбек Сарпашев келген. Бийликке жакын партияларды ыктап бере турган адам келген. Азыр дагы ылайыктуу адамды караштырышат болуш керек. Негизи бул кызматка биринчи орунда мамлекеттин кызыкчылыгын бекем карманган киши керек. Себеби Мамлекеттик каттоо кызматында бардык жарандарга тийиштүү документтер сакталган. Андан тышкары технологияны, санариптештирүүнү түшүнгөн адамдар келиши шарт. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматына менеджер керек. Эң оор тармак болуп эсептелет. Бул кызматка ким келген жок баарына иш козголуп жатат. Жумуштан өз ыктыяры менен эмес, кетирип жатышат. Ошондуктан бул жерге таза адам керек", - дейт Жеңиш Молдакматов.
КЕЛДИБАЕВ: "Мамкаттоо кызматынын төрагалыгына өзүнүн ишин жогорку деңгээлде аткара билген, уюштургуч адам келиши зарыл"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына өзүнүн ишин жогорку деңгээлде аткара билген, уюштургуч адам келиши зарыл.
"Элге ыңгайлуу шарттарды түзө алган, бюрократияны жоё турган, адам укугун, мыйзамдарды сактаган татыктуу жетекчи келиши керек. Бул кызматтын жооптуу адамдарына, адистерине кылмыш иши козголуп жатат. Бир дагы жетекчи мындай кадрлар менен күрөшкөн жок. Менин оюмча, бул кызматка Өмүрбек Суваналиев татыктуу. Анткени ал буга чейин коррупциялык иштерге аралашкан эмес", - дейт Келдибаев.
КАЧКЫНБАЕВ: "Мамкаттоо кызматынын төрагалыгына ошол тармакты түшүнгөн адам барышы керек"
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына ошол тармакты түшүнгөн адам барышы керек деген пикирин айтты.
"Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан эмнеден улам алынганын билбейм. Бул кызматка ошол мекемеде иштеген адам келсе туура болмок. Ошол тармакты жакшы түшүнгөн адам келиши керек. Ал жерге көп жумуш аткара турган кадр барышы зарыл", - дейт Качкынбаев.
КАКЧЕКЕЕВ: "Шайлоого түздөн-түз таасир эте турган адамдар кызматтан бошотулуп жатат"
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев шайлоого түздөн-түз таасир эте турган адамдар кызматтан бошотулуп жатат деген пикирде.
"Шайлоого карата үгүт иштери баштала электе даярдыктар башталды. Шайлоого түздөн-түз таасир эте турган адамдар кызматтан бошотулуп жатат. Бул быйыл парламенттик шайлоо оор, тирешүү менен өтөт дегенди билдирет. Акаевдин, Бакиевдин убагындагы олигархтар бүгүнкү күндө бийликти колдон чыгарбоого аракет кылып жатышат. "Биримдик" деген партия түзүлдү. Ал жакта Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин партиясындагы олигархтар топтолуп жатышат", - дейт Какчекеев.