Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: “Соттун чечимдеринин туура эместигинен жарандар депутаттарга кайрылууда”

Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу үчүн отурумдарды ачык көрсөтүү керектигин айтты.
“Сот процесси жүрүп жаткан учурду ачык көрсөтүшө албаса, жок дегенде видеокамерага жаздырып сайтка жайгаштыруу зарыл. Мындан тышкары соттордун чечимдери да ачык болуп, маалымат катары атайын сайтка илинип турушу абзел. Себеби соттордун чечимдери начар болуп жатат. Алар кабыл алган чечимдердин туура эместигинен жарандар депутаттарга кайрылууда. Анткени соттун чечими турат, бирок анын аткарылышы тууралуу ойлонбой жатышат. Мисалы, соттор саясий, коррупциялык маселелер боюнча тез аранын ичинде чечим кабыл алып коюшат. Ал эми жөнөкөй жарандардын соттук отурумдары 3-4 жылга созулуп, элдин нааразычылыгын жаратууда”, - деди Бекешев.
РЫСПАЕВ: “Сот процесстер видеокөзөмөлгө тартылышы керек”

Жогорку Кеңештин депутаты
Кожобек Рыспаев Кыргыз мамлекетинде сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу үчүн отурумдар жана чечимдер ачык болушу керек экенин айтты.
”Негизинен сот эч кимге көз каранды болбошу керек. Бирок аларга эркиндик берилсе чектен ашып кетишет. Тактап айтканда, элдин чөнтөгүнө кол салып, оңдон солго ала башташат. Ошондуктан сот отурумдары ачык болушу зарыл. “Коопсуз шаар” долбоорундай кылып, сот процесси жүрүп жатканда видеокөзөмөлдөөчү камералар турушу шарт. Алардын ишин коомчулук көрүп турушу керек. Мына ошондой жолдор менен сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарса болот. Тилекке каршы, "соттордун ишин ушундай кылсак жакшы болот эле" деп айтсаң жакпайсың”, - деди ал.
ТИЛЛАЕВ: “Сот системиндеги коррупциянын таасири өлкөдөгү экономикага жана башка маселелерге да түздөн-түз тийип жатат”

Депутат
Таабалды Тиллаев сот системиндеги коррупциянын өлкөнүн экономикасына гана эмес, башка маселелерге да түздөн-түз терс таасири тийип жатканын айтты.
“Дүйнөлүк практикада мыйзамда соттор көз карандысыз болот. Булар өздөрүн-өздөрү оңдоого барышы керек. Тиешелүү органдар тарабынан да, коомдук көзөмөл да керек деген ойдомун. Соттун чыгарган чечимине анализ жүргүзүү керек. Биринчи, экинчи, үчүнчү инстанцияда соттун чечими кандай өзгөрүп жаткандыгын да көзөмөлдөө зарыл. Бул жаатта маселелер көп, мисалы акыркы мезгилдеги бир катар сотторго кылмыш иштери козголду, бул багытта дагы жумуштарды жүргүзүү учурдун талабы. Себеби андагы коррупциянын таасири өлкөдөгү экономикага, башка маселелерге да түздөн-түз тийип жатат. Бизде сотторго ишеним жок болсо өлкөгө инвесторлор да келбейт. Бул албетте өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
Мына бүгүн Соттордун курултайы болуп өттү. Эл эле эмес, курултайда өлкө башчы да көпчүлүк сотторго элдин ишеними жок экенин айтты. Себеби чечимдери саботаж катары кабыл алынган. Соттор көз карандысыздыкка ээ болгондугуна байланыштуу алардын чечимдерине мамлекет аралаша албайт. Көз карандысыздыкты алып, элдин көйгөйүн чечпей эле, өздөрүнүн көйгөйүн, жеке кызыкчылыктарын же башка өзүнө тиешелүү иштерин чечүүгө аракет болууда. Бул жеке менин эмес, көпчүлүктүн пикири. Баары эмес бирок соттордун көпчүлүк чечимдери шайкеш келип жатат. Ошол эле абакта отургандардын 50 пайызга жакыны мыйзамсыз чечимдерден улам соттолгондор деп айтылат. Бул жагдай сөзсүз түрдө биринчи кезекте мыйзамды сактабагандыгынан, мыйзамдан, Кудайдан коркпогондугунан кабар берет”, - дейт Тиллаев.