Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз жерине мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Кыргыз Республикасы үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш болгондуктан бул сапар абдан маанилүү. Анда бир нече документтерге кол коюлмакчы. Ошондой эле тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бул сапарда негизги кандай маселелер көтөрүлүшү керек?" деген собол салды.
МАСАЛИЕВ: “Орусия менен чоң долбоорлорду иштеп чыгуу керек”
Депутат Исхак Масалиев Путин менен жолугушуунун алкагында биринчи кезекте мигранттардын маселелери көтөрүлүшү керектигин айтты.
"Алардын бүгүнкү күндөгү акыбалы болобу же жашоо шарты боюнчабы, кандайдыр бир жол-жобосун иштеп чыкса жакшы болмок. Мисалы, Якутск шаарында жагымсыз окуя орун алды, анын кесепети менен көп мигранттарга терс таасири тийди. Эгер ушундай окуялар кайталанса мигранттардын келечеги чатак болот. Экинчиден, кандай болсо да Орусия менен чоң долбоорлорду иштеп чыгуу керек. Долбоорлор кайсы тармакка тиешелүү болсо да, биздин мамлекетибиздин экономикасына түрткү болуп, салым кошо ала тургандай иштелип чыкса жакшы болмок”, - дейт Масалиев.
БААТЫРБЕКОВ: “Путиндин сапарында миграция жана коопсуздук маселелери көтөрүлсө жакшы болмок”
КАРАШЕВ: “Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатат”
Депутат Аалы Карашев Орусия менен кызматташтыкты алдыңкы деңгээлге чыгаруу керектигин айтты.
“Экономикалык тармак боюнча кызматташтыкты жүргүзүш керек. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын мамилесин бир тепкичке жогору чыгаруу шарт. Кыргыз мамлекети ЕАЭБдеги мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалана албай жатат. Өлкөнүн айыл чарба продукцияларынын канчасы өтпөй калып жатат. Ошолорду өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлсө. Орусиянын аймактары менен кызматташтыкты күчөтүү зарыл. Орусиядагы өнөр-жай ишканалары менен кызматташтыкты күчөтүү керек. Иши токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча келишимдерге кол коюлса жакшы болмок. Элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүнө түрткү боло турган долбоорлор ишке ашса жакшы болот эле”, - дейт Карашев.
ШЫКМАМАТОВ: “Путин менен жолугушууда мигранттардын маселеси каралышы керек”
Депутат Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине келгенде ЕАЭБдин алкагындагы маселелер алгачкылардан болуп талкууланышы керек экенин белгиледи.
“Алгач Евразия экономикалык биримдиктин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы маселелер талкууланышы керек. Ошондой эле товар жүгүртүү жана өлкө бюджетин көтөрө турган чоң долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү зарыл. Мындан тышкары мигранттардын көйгөйү жакшы каралышы абзел. Анткени миграция маселеси орчундуу болуп саналат. Ал эми Жогорку Нарын каскады боюнча маселе көтөрүлбөйт. Бул сот аркылуу чечилиши керек”, – деди Шыкмаматов.
ШЕСТАКОВ: "Путин биздин ордубузга маселелерибизди чечпейт"
Саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикиринде, кыргыз тарапта Орусияга сунуштай турган эч нерсеси жок.
"Кыргыз-Орусия кызматташуусунун динамикасы туруктуу. Жүздөгөн документтерге кол коюлган, бирок ишке ашкан долбоорлор жокко эсе. Инвестицияларды жана технологияларды мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууга аракет кылыш керек. Путиндин сапары мамлекеттик болгондуктан, эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусуна өзгөчө көңүл буруу туура.
2015-жылы мен "Кыргыз-Экспого" катышкам. Анда ири инвесторлор 300-400 тонна айыл чарба продукцияларын кабыл алууга даяр экенин айтышкан, бирок биз мындай көлөмдө продукцияларды өндүрө албай жатабыз. Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болбосо да, Орусияга ири көлөмдө айыл чарба продукцияларын экспорттойт. Беларустун жалпы Орусия боюнча соода тармагы бар. Биздин маселебиз - бизде Орусияга сунуштай турган эч нерсе жок. Путин биздин ордубузга маселебизди чечпейт. Бардыгы өз колубузда. Өкмөт эл аралык рынокторго чыгара турган продукциялардын өндүрүшүн өнүктүрүү багытында иштеш керек. Биз эмгек мигранттарынын өлкөсү болбошубуз зарыл. Мисалы, IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү сунуштасак болот", - деди Шестаков.
КУЛОВ: “Орусиянын лидери менен алгач экономикалык маселелерди талкуулоо керек”
Экс-депутат Феликс Кулов Кыргыз мамлекети менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусунда аскердик окуу борборун ачуу тууралуу кеп козголсо жакшы болмок деген пикирде.
“Орусиянын президенти келгенде чакан ГЭСтер тууралуу кеп козголот. Бул тууралуу президенттик аппараттын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев жыйын өткөрүп жатып айтты. Менин жеке пикиримде, Орусиянын лидери келгенде алгач экономикалык маселелерге көңүл буруу керек. Ал эми аскердик базанын турушу боюнча келишим азырынча эрте. Орусиянын аскердик базасын тургузуунун ордуна аскердик окуу борборун ачуу зарыл. Аталган мамлекеттин аскердик базасын тургузуу менен Кыргыз мамлекетиндеги эксперттердин каршы билдирүүлөрү чыгышы мүмкүн, анткени Кыргыз өлкөсү эгемендүү. Эгемендүү өлкөнү эмнеге басып алышат деген нааразычылыктар пайда болот. Бизде Жамааттык коопсуздук келишим уюму бар. Бул келишимдин негизинде аскердик окуу борбору керек. Негизи Орусия бул жаатта Сириядан жакшы тажрыйба алды. Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда мына ушул маселелер тууралуу сөз козголсо туура болот”, - деди Кулов.
АСАНБЕКОВ: “Орусия азыр эл аралык геосаясий маселенин өтө оор сыноолорун башынан өткөрүп жаткан мезгил”
Саясий ишмер Темирбек Асанбеков кыргыз тарап Владимир Путин менен жолугушуу учурунда энергетика, өндүрүштүк заманбап технология жана айыл чарба тармагына салым кошо турган долбоорлорду сунушташы керектигин айтты.
“Бул сапарда Орусия Кыргыз өлкөсүнө өтө жогорку статустагы мамлекеттик деңгээлде, эл аралык саясий-экономикалык маанидеги сунуштары менен келишет. Биздин бийлик институттарыбыз сапаттуу, татыктуу шарттарда тосуп алып, азыркы оор улуттук экономикабызга түрткү боло турган энергетика, өндүрүштүк заманбап технология жана айыл чарба тармагына салымын кошо турган эки мамлекеттин ортосундагы инвестициялык долбоорлорду сунуштай алат деп үмүттөнөм.
Орусия азыр эл аралык геосаясий маселенин өтө оор сыноолорун башынан өткөрүп жаткан мезгил. Ошондуктан экономика эле эмес, тыгыз саясий интеграциялык процесстерди сапаттуу деңгээлге камсыздоо маселесин да көтөрүүсү күтүлөт”, - деди Асанбеков.
ЧОЛПОНБАЕВ: “Путин келет" дегенден кийин эле "Бабанов келиши мүмкүн" деп айтыла баштады”
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Путин менен жолугушуу алдында көптөгөн жоопсуз суроолор болуп жатканын айтты.
“Азыр чындап келгенде Путин Кыргыз Республикасына кандай максатта келип жатканы түшүнүксүз болуп жатат, маселе ушундай оор. Буга чейин экономикалык маселелер менен келип, Жогорку Нарын каскадын жана бир канча маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн, бирок жумушчу топ эч кандай чечим кабыл алган эмес. Тармактык министрликтер алдын ала жолугушуу учурунда кандай маселелер каралат, эмнеге кол коюла турганын да маалымдашчу эле, бирок мен бул тууралуу эч кандай маалымат уккан жокмун. Учурда ал кандай себеп менен келип, эмне маселе карала турганы да белгисиз болуп жатат. Мамлекеттик сапар болгон соң жооптуу маселелер каралууга тийиш.
Мисалы, учурда ар кандай учкай айтылган сөздөр тарап жатат, анда Орусиянын башчысы Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду элдештирет деп айтылууда. Канчалык деңгээлде бул нерсе ишке ашат билбейм, бирок көпчүлүк экөө элдешкенин кабыл албайт. Анан жакынкы күндөрү интернетте "Өмүрбек Бабанов келет" деген маалымат тарады, бул жерде Орусиянын президентине анын кандай тиешеси бар? деген суроо жаралат. Себеби "Путин келет" дегенден кийин эле "Бабанов келиши мүмкүн" деп айтыла баштады. Экөөнүн кандай байланышы бар деген жоопсуз суроолор болууда.
Бизде экономикалык чоң маселелер бар, өзгөчө фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар, айыл-чарба продукциясын европалык стандартка келтире турган, жогорку сапаттагы айыл-чарба продукциясын чыгаруу маселелери турат. Ушул маселелер тууралуу сүйлөшүү болобу же болбойбу деп ойлондуруп, кооптондуруп турат.
Кандай болгон күндө да Путин келсе жакшылыктардын жышааны болот деген үмүт менен турабыз. Себеби Кыргыз өлкөсүнүн сакталып турганы, Орусия менен стратегиялык өнөктөш болуп, достук мамилени бекемдеп туруу Кыргыз өлкөсүнө, Орусияга да өтө керек экенин көрүп сезип турабыз”, - дейт Чолпонбаев.