2014-2016-жылдары Кыргыз жергесинде эки ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алган. Быйыл үчүнчүсү өтүүдө. Аны өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 307,2 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду. Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз жергесинде 3 ирет өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндары өлкөгө кандай пайда алып келди?" деген собол салды.
ОРОЗОВА: "Көчмөндөр оюндарына бюджеттен акча кетет" деп отура берсек, ишибиз алдыга жылбайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленгенин белгиледи.
"Көчмөндөр оюндарынын пайдасы көп. Негизгиси, Кыргыз мамлекети дүйнөдө таанымал болот. Бул иш-чара аркылуу кыргыз элинин маданияты, каада-салты таанылып жатат. Биздин үрп-адатыбызга, улуттук кийимдерибизге башка мамлекеттин өкүлдөрү кызыгуу менен көз артышууда. Көчмөндөр оюндары аркылуу туризм өнүгүп жатат. Чет мамлекеттер менен болгон мамиле күчөтүлөт.
Ошол эле учурда бюджеттен акча кетет. Курулуш иштери токтоп калды. Бирок бюджеттен акча кетет деп отурсак, ишибиз алдыга жылбайт. Көчмөндөр оюндарына акча кетсе дагы инвестициялар тартылып, экономикабызга пайда келтирет. Чыгаша болбосо, киреше болбойт", - деди Орозова.
ШЕСТАКОВ: "Учурда дүйнөдө туристтер үчүн чоң күрөш жүрүүдө"
Саясий серепчи Игорь Шестаков Көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү бренд жана туристтерди тартуу үчүн туура чечим экенин айтты.
"Бул оюндарды көрүүгө мамлекет башчылары келип жатышат, иш-чараны чагылдырууга 500гө жакын массалык маалымат каражаттары келишти. Бул постсоветтик мейкиндиктеги чоң окуя. Көчмөндөр оюндарында туристтерди тартуучу механизм бар, анткени бул иш-чара сентябрда өтөт, ал эми Ысык-Көлдө курорттук мезгил июль-август айларында болот. Бул жалпы облустун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү үчүн керектүү.
Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Түркияга өткөрүп берүү чечими түшүнүксүз болууда. Ооба, бул иш-чараны өткөрүүгө чоң каражат жумшалат, бирок туризм - киреше алып келүүчү тармак. Эч кандай фабрика же заводду куруунун кереги жок. Бүгүнкү күндө дүйнөдө туристтер үчүн чоң күрөш жүрүүдө. Казакстанда биздикиндей Ысык-Көл жок, бул өлкө туристтерди тартуу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстан да туризм тармагын өнүктүрүүдө. Ошон үчүн кийинки Көчмөндөр оюндарын кайра өзүбүздүн өлкөбүздө өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Бизде мактана турган нерселер аз, Көчмөндөр оюндары менен биз сыймыктана алабыз", - дейт Шестаков.
БЕКМАНБЕТОВ: "Көчмөндөр оюндары маданий жана спорттук иш-чара болгону үчүн өлкөгө көп деле киреше алып келбеши мүмкүн”
Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетов спорттук жана маданий иш-чаралар өлкөгө материалдык жактан киреше алып келбесе да, өлкөнүн атын чыгарууга жардам берерин айтты.
"Быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында буга чейинкилерге салыштырмалуу чет өлкөдөн келген контоктордун саны көп. Сырттан келген коноктордун саны канчалык көп болсо, аларга туристтик багытта өлкөбүздү жарнамалай алдык. Экинчиси, өзүбүздүн этно-маданиятыбызды мурдагыга салыштырмалуу дагы да көрсөтө алдык. Бул маданий жана спорттук иш-чара болгону үчүн өлкөгө материалдык жактан көп деле киреше алып келбеши мүмкүн. Бирок өлкөбүздүн атын чыгарып, руханий жактан аябай эле пайда алып келди деп эсептеймин.
Мындан сырткары аталган оюндар аркылуу өлкөгө көптөгөн ишкерлер келип, алар инвестициялык долбоорлор менен кайрылып калышы мүмкүн. Буга чейинки оюндарда Катар өлкөсүнөн келген коноктордун бизде өндүрүлгөн балдын жогорку сапатына кызыкканына күбө болгом. Негизи бул оюндун өтүшү эл ичине жакшы маанай калыптандырып, биримдикти чыңдады деп айтсак болот", - дейт Бекмамбетов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Тышкы карыздарды эске алып, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү тим эле коёлу деп айткам"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров өлкөдөгү абалды эске алуу менен Көчмөндөр оюндарынын өтүүсүнө каршы болгонун айтты.
"Адегенде мен Көчмөндөр оюндарынын өтүшүнө каршы чыккам. Тышкы жана ички карыздарды, жумушсуздукту, кымбатчылыкты, ар түрдүү жетишпегендиктерди эске алып Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү тим эле коёлу деген пикирде болчумун. Ооба, мен деле өлкөбүздүн тарыхый, маданий баалуулуктарына суктанам. Азыр деле телеберүүдөн иш-чаранын өтүп жатканын көрүп суктанып жатам.
Эми Көчмөндөр оюндары башталып калгандан кийин кантип кайра каршы чыкмак элек. Жогорку деңгээлде, тынч өтсө экен деп тиленип жатам. Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн тартибинде акча каржаттары түшөт дейт. Түшсө баягы адатыбызга салып кымырып албай мамлекеттин керегине жумшасак жакшы болмок", - дейт Токтонасыров.
ЧОРОЕВ: "Көчмөндөр оюндарын экономикалык көрсөткүч менен гана караган туура эмес"
Экономист Кубан Чороев Көчмөндөр оюндары өткөрүлөрү менен "ал материалдык пайда алып келиши керек" деген пикир туура эмес экенин айтып, буларга токтолду.
"Коомчулукта Көчмөндөр оюндары өткөрүлөр замат ал өлкөгө материалдык пайда алып келиши керек деген пикир бар. Менин оюмча, бул туура эмес. Кыргыз өлкөсү бул маданий иш-чараны өткөрүү менен спорттук, улуттук баалуулуктарды жалпы эле маданиятыбызды башка өлкөлөргө кайра жарыялай алды.
Тагыраак айтсак, бул иш-чара өлкөнүн имиджине оң таасир берди. Муну менен бирге туристтик брендди калыптандырдык деп айтсак болот. Жакшы калыптанган бренд келечекте экономикага сөзсүз түрдө оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары экономикага эле эмес, өлкөнүн жарандарына, өзгөчө жаш муундун аң сезимине өзүбүздүн бай маданиятыбызды сиңире алдык.
Көчмөндөр оюндарын экономикалык көрсөткүчтөр менен баалоо туура эмес. Мындай маданий иш-чаралар улуттук баалулуктарды таануу жана башка улуттар менен өзүбүздү салыштырууга да өбөлгө болуп бере алат", - деди Чороев.
ҮМӨТАЛИЕВ: "Мамлекет Көчмөндөр оюндары сыяктуу баш-аягы белгисиз тойлорду өткөрүү менен ысырапкорчулукка үлгү болууда"
Экономикалык маселелер боюнча эксперт Эмил Үмөталиев Көчмөндөр оюндарына сарпталган каражат менен түшкөн пайданын так эсеби айытылбаганы үчүн оюндун пайдасы белгисиз экенин айтты.
"Жыйынтык чыгаруу үчүн ачык маалымат керек. Так маалымат болбогону үчүн бул тойдун жыйынтыгын тааныбай келем. Канча чыгаша, канча киреше болду? Мамлекеттин бюджетинен канча акча сарпталып, алар кайсы иштерге жумшалганын толук билбей турабыз. Мурда өткөрүлгөн оюндардын кирешеси да ачык түрдө белгилүү болбой, жыйынтыгы көмүскө бойдон кала берген. Ошон үчүн толук түрдө бир пикирге келип, бул иш-чаранын пайдасы тууралуу так пикир айтуу кыйын.
Ал эми сырткы көрүнүштөр - бул эмоционалдуу маселе. Баары бир өзүңдүн элиңдин маанайына карап эл менен бирге жылмайгың келет, эл кубанса, кошо кубанууга аргасызсың. Бул оюн өлкөнүн келечегине оң таасирин тийгизиши мүмкүн деген сөздөр айтылып келет. Мен муну куру сөз катары эсептейм. Биз адегенде акча менен эсептегенди үйрөнбөсөк, айтылып жаткан сөздөр куру сөз катары кала берет.
Жөнөкөй тойлорду элдин көбү ысырапкорчулук катары сындап келет. А бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң той да. Ушуга окшогон мамлекеттик деңгээлде баш-аягы белгисиз тойлорду өткөрүп жатсак, анан кантип ашыкча ысырапкорчулукту талап кылган орто жана чакан тойлорду токтотобуз. Мамлекет эмоцияга берилип мындай тойлорду өткөрүү менен ысырапкорчулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатат. Балким, бул тойлордун саясатты коздөгөн максаттары бардыр, ошентсе да анын каржылык кирешеси элге ачык жеткирилиши керек", - деди Үмөталиев.