Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар эле Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?" деген собол салды.
ШЫКМАМАТОВ: "Оппозициялык саясатчылар ар дайым болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, коомчулукта нааразычылык маанай көбөйүп баратат. "Бийликке оппозициялык саясатчылар ар дайым болот. "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" партиясы, саясатчы Адахан Мадумаров жана башка саясий күчтөр оппозиция болот. Буга саясий шарт бар. Коомчулукта нааразычылык маанай көбөйүп баратат. Бул нерсе менен дагы саясий күчтөр эсептешпей коё албайт. Саясий күчтөр биринчи кезекте элдин маанайын, жалпы элдин пикирине таянып иш кылат да. Ошондуктан менин оюмча, оппозициялык маанайдагы партиялар, саясий күчтөр активдүүлүгүн көрсөтөт", - дейт Шыкмаматов.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Бийлик оппозициялык саясатчыларды Атамбаевдин шылтоосу менен жок кылабыз деген ойлорунан, идеяларынан кайтышы керек"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков оппозиция жоголбойт деген пикирде.
"Азыркы күндө Атамбаевдин шылтоосу менен оппозициялык талааны жок кылабыз деген эйфория бийликти, өлкөнү да жакшылыкка алып барбайт. Бул туура эмес кадам, жаңылыштык болуп эсептелинет. Акыл-эстүү бийлик оппозиция жок болсо, өзү аны жаратканга шарт түзөт. Себеби оппозиция бийлик сыяктуу эле коомго, экономикага, саясатка чоң салым кошот. Бийлик менен оппозиция бири-бири менен атаандашат. Ошондуктан бийлик колунан келишинче оппозициялык саясатчыларды Атамбаевдин шылтоосу менен жок кылабыз деген ойлорунан, идеяларынан кайтышы керек. Менин оюмча, оппозиция жөндөн-жөн жок болуп кетпейт. Анткени өлкөдөгү социалдык, экономикалык, саясий абал оппозицияны камап, качырып жок кылып салса да баары бир пайда болот. Себеби биздин өлкөдө оор саясий, экономикалык абал жаралып турат. Бүгүн оппозиция болбогон адам эртең оппозиция болуп калышы мүмкүн. Менин оюмча, оппозиция жоголбойт, анткени ал бизге керек. Эгер жоголсо бар кылып, алсыз болсо күчтөндүрүшүбүз керек. Күчтүү болсо эффективдүү кылуу зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.
КАЛМАМАТОВ: "Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жүрүштөрү эми башталат"
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жакында мурунку президенттин жакындары бир нече саясий күч курашы мүмкүн деген ойдо."Ал бийликтин мындан аркы кадамдарынан көз каранды. Атамбаев камалганы менен анын тарапташтары күрөшүүнү токтоткон жок. Алар бийликтин ар кандай катачылыктарын, адашууларын күтүшөт. Анан калса башка саясий күчтөрдү кураштырышы толук мүмкүн, ага бир нече негиздер да бар.
Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык жүрүштөрү эми башталат. "Этегин булгаган колун аябайт" деп бекеринен айтылган эмес, эми анын тарапташтары, тагыраагы, жакындары башка лозунгдар менен бир нече саясий күч курашы толук ыктымал", - дейт Калмаматов.
КУЛОВ: "Реалдуу оппозиция шайлоо башталганда чыгат"
Экс-депутат Феликс Кулов учурда Кыргыз өлкөсүндө күчтүү оппозиция жок деген пикирде. "Бул суроого жооп берерден мурун Алмазбек Атамбаев бул оппозиция эмес деп айтар элем. Себеби оппозиция сөзүнүн саясий маанисин караганда ал оппозицияга кирбей калат. Ал болгону бийликке каршы чыгып жатат. Саясий оппозиция болгондо тиешелүү программасы болууга тийиш, бирок баарыбыз көргөндөй Атамбаевде андай программа жок.
Учурда бийликке, президентке, башкы прокуратурага сындар айтылууда, бирок Атамбаев оппозиция эмес, анын каршы чыгууга жеке себептери бар.
Менин пикиримде, реалдуу оппозиция шайлоо башталганда чыгат, бирок учурда күчтүү оппозиция жок. Ал эми такыр ийге келбеген оппозиция деп Адахан Мадумаровду айтууга болот. Акыркы учурда Азимбек Бекназаров "Элдик курултай" өткөрүп, "Конституцияны өзгөртүү керек" деп жүрөт бул нерсе программага кирет. Андан кийин өкмөт колдосо бул оппозиция эмес, колдобой койсо кандай болуп калат?" - дейт Кулов.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Азыр оппозиция болом деген киши калган жок"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Сооронбай Жээнбеков көп нерселерди элдин каалоосу менен кылып жаткандай болду деген пикирде. "Азыр оппозиция болом деген киши калган жок. Сооронбай Жээнбеков көп нерселерди элдин каалоосу менен кылып жаткандай болду. Акыркы күндөрү мурунку президентти колдогондор көбөйүп баштаган болчу. Атамбаев мүмкүнчүлүктү туура колдонуп кете албастан куралдуу каршылык көрсөттү. Азыр андан башка каршылык көрсөтө турган күчү калган жок. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Бабанов оппозиция болот деген ойдон алысмын", - дейт Мукар Чолпонбаев.
ТУРДУКУЛОВ: "Оппозиция кырдаалга жараша болот"
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов билдиргендей, бийлик саясий күчтөр парламенттин ичинде болушуна кызыкдар болушу керек.
"Оппозиция кырдаалга жараша болот. Эгерде бийлик мурунку каталардан сабак алып, оппозицияны укуктук талаадан чыгарбай, экономикага басым жасап, коррупцияга каршы күрөштү бир гана саясий оппоненттерге жүргүзбөй, адилеттүү саясат жүргүзүлсө, анда оппозиция дагы шайлоо аркылуу парламентке жетүүгө аракеттенет. Бийликтин планы менен эмес, өзүнчө саясат жүргүзгөн саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Бабановдун, Мелис Мырзакматовдун партиялары шайлоого көбүрөөк аттанса, анда элдин нааразычылыгы ошолор аркылуу чыгат. КСДП шайлоодо марага жетсе, оппозиция парламенттин ичинде болуп, саясий абал да тынчыйт. Бийлик саясий күчтөр парламенттин ичинде болушуна кызыкдар болушу керек. Саясий күчтөр сыртта болуп, куугунтук жүргүзүлсө абал тынчыбайт", - дейт Турдукулов.
КЕЛДИБАЕВ: "Экономика өспөй, өкмөттүн иши алдыга жылбаса карапайым элдин ичинен оппозиция чыгат"
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев кыргыз эли оппозициясы жок калбай турганын айтты.
"КСДП бүгүнкү күнгө чейин оппозиция катары бийликке сын-пикирлерин айтып келген. Экономика өспөй, өкмөттүн иши алдыга жылбаса карапайым элдин ичинен оппозиция чыгат. Кыргыз эли оппозициясы жок калбайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Атамбаевди камаса эле оппозиция жок болуп калбайт. Кыргыз мамлекети эң жакыр мамлекеттердин катарында болуп жатат. Эгерде өкмөт алгылыктуу кадамдарга барып жумуш орундарын түзбөсө, эмгек акы жогорулабаса оппозиция боло турган лидерлер элдин арасынан суурулуп чыгат. Кийинки парламенттик шайлоодо бийлик толугу менен утулуп калышы мүмкүн", - дейт Келдибаев.