Өкмөт тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планы бекитилди

Өкмөт тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул иш-чараларды аткаруучулары Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар", - деп жазылат маалыматта.

Бул милдеттерди ишке ашыруу чаралары 2020-жылдын ичинде аткарылат.

Иш-чаралардын планынын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  • Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;
  • Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
  • Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекеттик кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;
  • Үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;
  • Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын аткарууга тартылган мамлекеттик органдарга аткарылып жаткан иштер тууралуу өкмөттүн аппаратына ай сайын маалымдап туруу тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekalife
2020-02-24 22:46:40
Айланып келип эле бааягы айыл окмот байкуш аткарат баардык ишти. Калгандары только козомолдогуч болуп чыгып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан