Орусиялык теннисчи Мария Шарапова карьерасын жыйынтыктаганын билдирди

"Орусиянын эң мыкты теннисчи кызы" жана "Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарынын ээси Мария Шарапова карьерасын жыйынтыктаганын маалымдады. Бул тууралуу 32 жаштагы теннисчи америкалык "Vanity Fair" журналына берген маегинде айткан.

"Өткөн күнүмө карап теннис мен үчүн тоодой бийик болгонун түшүндүм. Ага жетүү оор болду, бирок бийиктиктеги көрүнүш укмуштуудай. 28 жылдан кийин, Чоң шлемдеги 5 жолку жеңиштен кийин мен башка тоого чыгып, башка жаатта беттешүүгө даярмын. Алдыда мени эмне күтүп жатканы маанилүү эмес", - деген ал.

2016-жылдын июнь айында Эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга кыскарткан.
Мария Шарапова спортко 2017-жылы Кытайдын Тяньцзинь шаарында 9-15-октябрь аралыгында өткөн мелдешке катышуу үчүн кайтып келген. Аталган мелдеште ал жеңүүчү аталган.
Мария Шарапова 1987-жылы 19-апрелде Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөн. Теннис менен машыгууну төрт жарым жашында атасынын кол астында баштаган. 2001-жылы профессионалдык тенниске өтүп, 2002-жылы үч титулдун ээси болгон соң өз күчүн чоң мелдештерде сыноого даярдана баштаган.
Шарапова 28 жылдык карьерасында Аялдардын тенниси ассоциациясынын жеке баскычындагы 36 турнирди жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Store
2020-02-26 22:09:00
Туура калыптыр, эми эс алсын.
0
Belek1710
2020-02-27 01:55:14
Красавица!
0
Dembele84
2020-02-27 10:32:14
Бизнести эле кылып эс алып журо бер,а то акыркы жылдары травмадан башы чыкпай,чыкса да жениле Берип тажады окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан