Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургуну "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылды.
"Премьер министрдин буйругу менен өлкөдөгү бардык кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлык акысына 2 эсе акча кошулат деген буйругу бар. Ал буйрукка 1-январда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Эми ошол кошула турган акча билим берүү тармагындагы кенже кызматкерлерге, тактап айтканда, мектепте пол жууп иштеген кызматкерлерге кошулбайт экен. Эмне себептен кошулбайт? Ошону тактап, толук маалымат берип койгулачы", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.