Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны колго түшүрүлдү

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 28-февралда билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн Өзбек жараны өз мекенинде алдамчылыкка, ири суммадагы акча каражатына ээлик кылууга, пара берүүгө, документтерди мыйзамсыз ээлеп алууга шектелип кылмыш жообуна тартылган. Ал кылмыш жообунан качып, изин жашырып жүргөн. 2019-жылы ага карата эл аралык издөө жарыяланып, камакка алуу чечими чыккан.

"Өзбек жараны Бишкек шаарында менчик ишкана иштетет деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө 28-февралда 1983-жылы туулган М.Г. аттуу Өзбекстандын Бухара облусунун тургуну кармалды. Кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси укук коргоо органдары тарабынан чечилет", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан