ЭЛДИК КАБАР: ID-карта менен Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө коюлган чек мигранттарды түйшөлттү. "Жалпы жарандык паспорту жоктор Кыргыз өлкөсүнө кирбей калабызбы?" дейт окурман

1-марттан тарта Кыргыз мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат деген маалымат тарагандан тарта "Элдик кабар" бөлүмүнө көп окурмандар арыз-арманын айтып кайрылууда.

"Мен Москва шаарында эмгектенем. Мен жалпы жарандык паспорт алган эмесмин, ID-карта менен эле жүрөм. Кыргыз өлкөсүнө учам деп апрелге билет алып койгон элем. 1-марттан тарта ID-карта менен өлкөгө кирүүгө болбойт деп жатышат. Мага окшогон жалпы жарандык паспорту жок ID-карта менен жүргөндөр Кыргыз өлкөсүнө кире албай калышабы? Бул маселе боюнча кайда кайрылса болот? Эми эмне кылабыз?", - дейт окурман.

Ал эми дагы бир окурман алдын ала алган билетибиз күйүп кетеби деп нааразы болууда. "1-марттан баштап ID-карта менен өлкөгө кирүүгө тыюу салыныптыр. Менин карындашым 3 жылдан бери Москва шаарында иштеп келет. 20-мартка балдарын көргөнү мекенибизге билет алып койгон эле. Ошондо карындашымды өлкөгө киргизишпейби? Жок жерден билеттин акчасы күйүп кетеби?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ergeshev.77
2020-02-29 15:10:16
Урматту супер жооп алып берип койсонуздар мен да IDкард менен журом барам жакында кантип кирем анда
0
KG.Kushtarbek
2020-02-29 16:18:29
Ergeshev.77,Бисмилааны айтасын он бутун койосун жерге самолеттон тушуп ошо
0
Ergeshev.77
2020-02-29 20:13:14
Киргизбей койсо олтурасын дегин ээ аэропортто терминалда
0
admiral
2020-02-29 21:44:58
ID Кыргысзтандан башка өлкөгө чыга да албайбы ошондо? Билгендер болсо жооп береп койгулачы.
0
tatynam_88
2020-02-29 23:02:32
Тема туура эмеспи же мен тушунбой жатамынбы?id cardы жоктор кире албайбызбы деп
0
aruuzat88
2020-03-01 05:25:02
Негизи башында эле ID менен эч кимди чыгарып киргизбеш керек болчу,Кыргызстанда колдонулуучу паспорт ,бир гана чёт олкого загран паспорт колдонсо,ушундай кырдаалда четте жургон мекендештерибиз кыяналчу эмес...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан