Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өлкөдө өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу кандай иш аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында өзгөчө кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоо негизги максат экендиги айтылды.
"Жарандардын кыймыл-аракети үчүн эч кандай чектөө жок. Бирок колдон келишинче көчөгө көп чыкпоого аракет кылгыла. Ошондой эле Бишкек-Ош каттамы токтотулбайт", - дейт Орозалиев
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам.