Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жаранына өз убагында жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн республикалык штаб аталган өлкөгө ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб биздин жаранга өз убагында адистешкен медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн япон тарапка ыраазычылык билдирет", - деп жазылат маалыматта.
18-февралда Япониядагы "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет өлкөлүк басылмалар Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыккан эле. Бул маалымат ачыкталган соң, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги кемеде бир Кыргыз жараны бар экенин ырастап, аны менен 6-февралдан бери байланышта болуп жатканын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.
28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов круиздик лайнердеги Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын жыйында айткан.
Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз жараны 1-мартта ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылганын маалымдаган. Ошондой эле ал акыркы текшерүүдөн өткөндө коронавирус аныкталган эмес, мындан улам ага сертификат берилген.