"Жаңы-Жер айылындагы төрөткананы жаап жатышат. Себеби ал жакты жакында коронавирустун изолятору кылат экен" деп билдирет окурман Элдик кабар бөлүмүнө.
"Мен кош бойлуумун. Жакында көз жарам. Бирок гинекологум шаардагы №2 төрөтканага барасың деп айтты. Себеби биздин айылдын төрөтканасына коронавируска байланыштуу карантинге кабылгандар жатат экен. Жаңы-Жер менен №2 төрөт үйүнүн ортосу 50 мүнөт. Биз эмне кылышыбыз керек. Өкмөттүн бул кылган иши туурабы? Карантинден кийин төрөткананын кайра аялдарды кабыл алуусу коопсуз болот деп ким кепилдик берет?", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.