Италиялык "Armani" мода үйү жана анын башчысы, дизайнер Жорджо Армани коронавирус менен күрөшүү үчүн 1 миллион 25 миң евро каражат бөлгөн. Бул каражат түз эле италиялык ооруканалар менен Улуттук саламаттыкты сактоо бөлүмүнө жумшалмакчы.

Эске салсак, учурда Италия коронавирус жайылган өлкөлөр боюнча (9172) жана каза болгондордун саны (463) боюнча Кытайдан кийинки эле 2-орунга чыкты.