Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев учурда үй карантининде. Ал эки күндөн кийин жумушка чыгат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Коменданттын орун басары жана айдоочусу коронавирус жуктуруп алган. Мындан улам Аалиев дагы эки жолу анализ тапшырып, алар оң жыйынтык көрсөткөн. Бирок ал үй карантинге алынган. Бейшемби күнү жумушка чыгат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.