COVID-19: Өлкөдө вакцинанын биринчи дозасы менен эмдөө иштери аягына чыгууда

Өлкөдө Кытайдан акысыз негизде келген COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm жана Орусиянын Спутник V вакциналарынын биринчи дозасы түгөнүүдө. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымына караганда, вакцинанын экинчи дозасы менен эмдөө жасала берет.

"COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген. Учурда 75 миң адамга ылайыкташкан вакцинанын биринчи дозасы, ошондой эле Спутник V вакцинасы менен калкты эмдөө иштери аягына чыгып жатат. Ал эми 75 миң экинчи доза менен эмдөө жүргүзүлө берет.

Эмдөө иштери 15-майдан баштап 22-майга чейин күчөтүлдү. Анткени Орозо айында бир аптада 8-9 миң адамга эмдөө жасап жаткан болсок, андан кийин аптасына 15 миңге чейин адамга эмдөө жүргүзүлүп жатты.

Азыркы тапта колубузда болгон вакциналардын биринчи дозасы менен эмдөө иштери аягына чыгууда. Аймактарда 1000-2000ден доза калууда.

Вакцинанын экинчи дозасы менен эмдөө жасала берет. Ар ким ар кандай датада алышкан да. Биздин эмдөө пункттары жабылбайт, тактап айтканда иштей берет.

Учурда дагы вакцина алып келүү боюнча иштер жүрүүдө", - деди Ишенапысова.

Эске салсак, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан