Бүгүн, 29-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 16 миллион 664 миң 963 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 9 миллион 702 миң 582 бейтап айыгып чыкса, 658 миң 914 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 349 миң 324 адамдан коронавирус аныкталды. 149 миң 234 адам каза болсо, 1 миллион 355 миң 363 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 483 миң 191 адамдан аныкталды. 88 миң 539 адам каза болсо, 1 миллион 868 миң 749 бейтап айыкты.
Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 483 миң 156 адам вируска кабылган. 33 миң 425 бейтап көз жумса, 952 миң 743 бейтап оорудан сакайган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.