Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал жарыяланса, жарандардын укуктары жана милдеттери кандай болот? Ал эми өзгөчө абал деген эмне?

Азыркы учурда Сузак району менен Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланган. Кечээ, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланышы боюнча маселе талкуулана турганын айткан.

Өзгөчө кырдаал деген эмне? Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал жарыяланса, жарандардын укуктары жана милдеттери кандай болот? Бул тууралуу "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамында жазылган.

Өзгөчө кырдаал - Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

Мыйзамга ылайык, президент жарандык коргонуунун башка маселелерин Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизип, чечимин бекитет.

Калктын жарандык коргонуу жагындагы укуктары:

  • өзгөчө кырдаал пайда болгон кезде өз өмүрүн, ден соолугун жана жеке мүлкүн сактоого;
  • өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
  • жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жарандык коргонуунун иштерин аткаруу үчүн арналган башка мүлктөрүн пайдаланууга;
  • ыктыярдуу куткаруучу кошуундардын курамына кирүүгө;
  • Кыргыз Республикасынын айрым бир аймактарында калк чалдыгышы мүмкүн болгон опурталдар жана керектүү коопсуздук чаралар жөнүндө маалымдалууга укуктуу.

Жаран жарандык коргонуу жагында төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  • "Жарандык коргонуу" мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
  • тиричиликте жана күндөлүк иште коопсуздуктун чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келе турган эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө;
  • калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоонун жолдорун, алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
  • өзгөчө кырдаалдар коркунучу чыкканда жана ал пайда болгондо өзүн алып жүрүүнүн белгиленген эрежелерин аткарууга;
  • мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюушуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системинин негизги милдеттери:

  • өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргонуу камсыз кылуу боюнча укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, өндүрүштүк жана социалдык маанидеги объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу жана илимий-техникалык программаларды ишке ашыруу;
  • жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;
  • жарандык коргонуу жагындагы маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү;
  • мамлекеттик органдардын жана бардык деңгээлдердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
  • өзгөчө кырдаалдарда калкты иш-аракет кылууга үйрөтүү;
  • өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин прогноздоо жана аларга баа берүү;
  • өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү;
  • жарандык коргонуу жаатындагы өнөр жай, тоо, өрт коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруу;
  • Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча эл аралык кызматташуу;
  • баш калканчтарды жана радиацияга каршы калканчтарды, башкаруунун, байланыштын запас пункттарын түзүү жана даяр турушуна колдоо көрсөтүү, тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар жөнүндө кабарларды калкка өз убагында жеткирүү;
  • айыл чарба малын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктү, азыктык чийки затты, фуражды, суу булактарын жана суу менен камсыз кылуу системдерин өзгөчө кырдаалдар учурунда коргоо;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
  • калкты, материалдык жана маданий дөөлөттөрдү коопсуз райондорго эвакуациялоо;
  • коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;
  • медициналык жардам көрсөтүү, калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
  • өзгөчө кырдаалдар учурунда авариялык-куткаруучу, дагы башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
  • радиоактивдүү химиялык, биологиялык жана башка булганууга учураган райондорду издеп билүү жана белгилөө;
  • калкты, техниканы, имараттарды, дагы башка объекттерди зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
  • жарык жана башка түрдөгү жазгырып-далдалоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
  • мүмкүн болуучу табигий жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдардан калкка жана аймактарга келүүчү тобокелдиктерге баа берүү, коргоо боюнча изилдөөлөрдү ишке ашыруу;
  • дагы башка иш-чараларды өткөрүү.

Өзгөчө абал деген эмне?

Өзгөчө абал - өлкөнүн бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо. Конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Кандай учурларда киргизилет?

  • биологиялык мүнөздөгү: эпидемия, эпизоотия, эпифитотия;
  • социалдык мүнөздөгү: зомбулук жана адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон куралдуу козголоң, этностор аралык чыр-чатактар, массалык баш-аламандыктар, аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу басып алуу жана тосуу;
  • табияттык-техногендик мүнөздөгү: табигый кырсыктар, кыйроолор, эгерде алар конституциялык түзүлүшкө, инсандын, коомдун өтө маанилүү таламдарына, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормалдуу иштөө режимине түздөн-түз коркунуч келтирсе.

Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында өзгөчө абалды Жогорку Кеңеш киргизет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.

Өзгөчө абалдын шартында колдонулуучу чаралар:

  • коомдук тартипти, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого коргонуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн тартууну;
  • туруктуу же убактылуу турак-жайды милдеттүү түрдө берүү менен коркунучтуу чөлкөмдөрдөн жарандарды убактылуу көчүрүүнү;
  • жарандардын келип - кетүүсүнүн өзгөчө тартибин киргизүүнү;
  • айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө белгилүү бир жерди, өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну, коомдук тартипти бузушкан аймактык жашоочусу эмес, анын ичинде чет элдик да жарандарды, алар туруктуу жашаган жерден же өзгөчө абал жарыяланган жердин тышка алардын каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберүүнү;
  • жарандардан ок атуучу жана ок атпоочу куралдарды жана ок дарыларды, ал эми ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан окуп - үйрөнүүчү аскер техникасын, жарылуучу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды таасири күчтүү химиялык жана уу заттарды убактылуу алууну.
  • чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди, ошондой эле оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну;
  • ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана сатуу боюнча пландарына өзгөртүү киргизүүнү, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө тартибин белгилөөнү, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелерин чечүүнү;
  • мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кызматка коюуну жана бошотууну, жүйөлүү себептерден башка учурларда, жумушчулардын жана кызматчылардын өз ыктыяры менен иштен бошонуусуна тыюу салууну;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана аларды коюу үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстарын пайдаланууну;
  • иш таштоолорго тыюу салууну;
  • эмгекти коргоонун талаптары милдеттүү сакталганда ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн эмгекке жарактуу жарандарды жана транспорт каражаттарын тартууну;
  • курал-жарактар, таасири күчтүү химиялык жана уу заттар, ошондой эле спирт ичимдиктери жана спирттүү заттар менен соода кылууга чек коюуну же тыюу салууну;
  • карантин киргизүүнү жана башка милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү;
  • эгерде бул каражаттар өзгөчө абал жарыяланган жерде түзүлгөн курчутууга пайдаланылса, көбөйтүүчү техниканы, ошондой эле радио жана теле берүүчү аппаратураны, аудио - жана видео техниканы пайдаланууну чектөөнү же тыюу салууну, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды алып коюуну, массалык маалымат каражаттарына киргизүүнү;
  • байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү;
  • дипломатиялык кызматтардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан башкалардын транспорт каражаттарынын анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын чектөөнү жана аларды карап чыгууну;
  • коменданттык саатты киргизүүнү;
  • кырдаалды жайгаштырууга тоскоолдук кылган саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин иш-аракеттерин токтото туруу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган, жарандардын куралдуу конушдарын түзүүгө жана алардын иш-чаралардын тыюу салууну;
  • көпчүлүк жарандар топтолгон жерлерде документтерди текшерүүнү, ал эми зарыл учурларда жарандарда курал бар экендигин билдирген маалымат болсо, жекече типтүүнү, буюм-тайымдарын, транспорт каражаттарын типтүүнү колдоно алышат;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алууну;
  • өсүмдүктөрдү, айбанаттарды жана башка мүлктөрдү жок кылууну;
  • финансылык операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салууну;
  • жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлору, туулган күндөрдү жана башка салтанаттуу иш-чараларды) өткөрүүнү жөнгө салууну;
  • өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттик материалдык резервди пайдаланууну.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakubek
2020-03-21 12:41:04
Тушунсом олоюн. Кочого зарыл иштер менен чыкса болобу
+8
sainazarov0555
2020-03-21 13:18:30
Азык туулук алганы чыксан болот
0
Adil18
2020-03-21 21:12:28
Кредит толоочулор,электро энергияга,газ толомдорун толоо учун кошумча убакыт берилеби?
Айтайын дегеним озгочо кырдаал жарыяланганына байланыштуу жумуш жок.
Элге тушундуруу иштерин жургузсонуздор.
Кредит алып соода сатык кылгандар коп экенин жакшы билесиздер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан