реклама
super.kg logo

Муфтият: "Коронавирус жуктурган 3 Кыргыз жараны умрага жеке менчик фирмалар менен барышкан"

 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Сауд Арабияга январь жана февраль айында 213 адам барган. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус аныкталган адамдарды умрага Муфтият жөнөткөн эмес. Алар өз алдынча барып келишкен.

"12 күндүк умрага быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен 213 адам барып келди. Алар январь жана февраль айларында барышкан. 12-мартта кичи ажыдан келген адамдар менчик фирмалар менен барып келгендер. Учурда Кыргыз өлкөсүндө умраны уюштурган агенттиктер көп, канча агенттик бар, анын баарын Юстиция министрлигинен такташ керек", - деди Атабаев.

Бүгүн, 18-мартта Сауд Арабиясынан келген 3 кыргыз жаранынан коронавирус катталып, вирусту жуктургандар кичи ажыга барып келген адамдар экени аныкталган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
18.03.2020. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
24-03-2020 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол Умраны уюштурган жеке менчик агенттиктер кимдерден уруксат алышат. Мындай жагдай болуп атса "кудай сактайт",- деп, тоготпой чет олкого чыкпай туруу керек эле го. Кудай дагы сактанганды сактайт да.Эми эмне болду бут олкону коркунучка кептешти.Ошондо аларга алдын ала Дин боюнча башкаруучулар умра сапарын токтотуп турууну эскертуу бериш керек болчу.
18.03.2020. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2558
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
08-04-2020 16:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муфтият озунон жоопкерчиликти алыстаткысы келип жатат го э.
18.03.2020. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
352
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
08-04-2020 18:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмнеси болсо да алып келишти да жуктуруп.ар нерсени айтып актанбай эле койгула
18.03.2020. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
354
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
08-04-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтият жообу ушу да эми. Задний бере баштаптыр,менчик сенчик деп
18.03.2020. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
06-02-2019
Соӊку аракети:
08-04-2020 17:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менчик окуу жай , башкаңар да буйрукка баш ийгиле Кыргызстанда болгондон кийин
18.03.2020. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
08-04-2020 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Муфтият жоопкерчиликтен качпай эле болгон фактыны айтып жатат. Жеке менчик тур компаниялар чыгып алган ошолор менен барса керек. Муфтият жоопту дагы эмес, себеби муфтияттын милдети чоң ажылыкды гана уюштуруп берүү.
18.03.2020. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
595
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
08-04-2020 16:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+1
Кой туугандар муфтиятка соз тийгизбейли,колунан келген ишин жасап жатат.Куноо жанагы умраны бизнес кылып алган тур.фирмаларда..Акча десе жанын берчу алардын кызматкерлеринде жана да тиешелуу министирликтердин ошондой нерселерге конул бурбаганында и озубуздо..Мына мен маршруткада баратам Бишкектин бир башынан экинчи башына..Болгону 3 кишиде маска бар,кочодо деле коп корунбойт маска кийгендер..
18.03.2020. 18:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
08-04-2020 16:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоопкерчиликтен качыптыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140821;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: