Медициналык бет каптар ар бир адамга 3 даанадан паспорт менен сатыла баштады

Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында министр медициналык кызматкерлер тарабынан коронавирус жуктургандар менен контактта болгон бардык жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

"17-18-мартта өлкө боюнча 630 миң бет кап таратылды. Алардын баасына 10 сомдук чек коюлду. Мындан ары жарандарга 3 даана бет кап паспорт аркылуу берилип жатат. Мындан тышкары бет каптарды тигүү боюнча өндүрүш иштеп жатат. Ошто дагы бир компания көп жолу колдонуучу бет каптарды чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Алар бир гана түштүк аймакты эмес, башка аймактарды дагы камсыздай алышат", - дейт министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jasgul
2020-03-19 09:49:31
калпты чекчейиип туруп айтасынар го. Кечинде эле Ошто 5-6 аптекага кирип чыктым жок маска. Азыр уктум Дом Бытада 25 сомдон бар экен деп.

Биз даярбыз, биз соопсонун текшерип атабыз деп отуруп жарыялап, баары ашмалтайы чыгып бутту. 2 айыл ЧС деп отурат. Алардан сырткары контактта болгон канча адам сыртта журот. Кыргыз да Космосбек менен Арстан Алайга ишенип журуп алды да.
+6
katerina.li
2020-03-19 11:56:20
jasgul,айтпа арстан алайга ишенип бир жылдары тонуп кала таштады элек
-3
Samatalibei
2020-03-19 10:17:22
Министирлик кайдагы жомокту айтып башты орутпагылачы! Шаардын көпчүлүк дарыканаларында маска жок! Аламидин базарындагы аптекаларда 50сомдон сатыпатат көзөмөлдөгөн киши жок! Маска деген теманы айтпай эле койгулачы чече албайсыңар!
+1
tavanova.sarah
2020-03-19 10:42:41
Кара-суу базарында масканы 1 адамга, 5 штуктан гана сатып атат 10 сомдон. Милициялар айланып, утуру бааларды козомолдоп турат. Молодцы!!!
-1
Ayka93
2020-03-19 11:32:12
tavanova.sarah,ошентиш керек экен да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан