Ош облусуна караштуу Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу буйрукту Ноокат райондук администрациясынын башчысы, райондогу жарандык коргоо башчысы Давранбек Маматалиев чыгарды.
Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:
1) коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объекттерди коргоо күчөтүлсүн;
2) эл көп чогулган объекттердин ишмердүүлүгү токтотулсун;
3) райондук штабдын мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.
Буга чейин 18-мартта Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бир катар чектөөлөр Благовещенка, Орто-Азия, Бостон айылдарына киргизилген болчу.