Бүгүн, 20-март саат 15:00гө карата Бишкек шаарынын Москва жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайларында доллар арзандай баштады.
Долларды акча алмаштыруучу жайга сатуу 75-76 сомдун тегерегинде, ал эми доллар сатып алуу 77 сомдун тегерегинде болуп жатат.
Кечээ, 19-мартта кечке жуук доллардын сатыктагы баасы 85 сомго чыгып кеткен болчу.
Соңку ирет 10-мартта 70 сомдон 73 сом болуп кымбаттаган.