Маалыматта жарандык коргоо боюнча комиссиянын биринчи жыйынында борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов иш-чаралардын кадамдык планын иштеп чыгуу чечимин кабыл алганы айтылат.
Анда Алымкулов борбордогу эпидемияга каршы жана практикалык чараларды ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырган.
"Саламаттыкты сактоо департаменти дарыгерлер үчүн бардык зарыл шарттарды түзмөкчү болду, айрыкча санитардык карантиндик пункттарында. Ошондой эле дарыгерлер жана милиционерлер үчүн транспорт уюштурулат. Бардык мамлекеттик органдарга өз кызматкерлери үчүн транспортту уюштуруу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, шаардык штаб, жарандык коргоо боюнча комиссия жана борбордук муниципалитеттин командасы күнү-түнү иштөө режимине өткөн.