"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде коронавирустан 12 миңден ашык адам каза болду

Бүгүн, 3-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 64 миллион 447 миң 657 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 41 миллион 447 миң 825 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 491 миң 559 (+12 миң 636) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 13 миллион 916 миң 543 болду. 273 миң 316 адам каза болсо, 5 миллион 322 миң 128 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 499 миң 413 адамдан аныкталды. 138 миң 122 адам каза болсо, 8 миллион 932 миң 647 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 436 миң 650 адам вируска кабылган. 174 миң 515 бейтап көз жумса, 5 миллион 759 миң 294 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан