“Коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда, белгилей кетсем, кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл”, - дейт вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
Бүгүн, 23-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин катышуусунда COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Анда азык-түлүккө болгон баа, салык, жана жүк ташуулар боюнча маалыматтар айтылды.