Кочкор районунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлүүдө.
РИИБинин кызматкерлери, элдик кошуундар Кочкор районунун айылдарынан Кочкор районунун борборуна азык-түлүк, дары-дармекке келген автоунаалар өткөрмө кагаздары менен гана киргизип жатышат.
Райондун борборуна жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен РИИБинин кызматкерлери көчөлөрдө автоунаалардын максатсыз айдоолорун азайтуу, жүрүү убактыларын чектөө боюнча иштерди алып барышууда. Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алуу максатында жарандарга зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышын, топтошуп чогулбоосун, бири-биринен 1 метр аралыкта болуулары, бет капсыз көчөгө чыкпоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кочкор районунун аймагындагы Сары-Чат карантиндик-санитардык постунда милиция кызматкерлери, медицина кызматкерлери, ӨКМ, ветеринардык кызматы, санитардык эпидемиологиялык кызматы, райондук мамлекеттик администрациядан жана элдик кошуундар болуп иш алып барышууда. Облустук өздүк курам бүгүнкү күндө толугу менен күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү кызмат кылууда.