Испанияда 113 жаштагы кемпир коронавирус инфекциясынан айыккан эң улгайган адам болуп калды

Испанияда 113 жаштагы Мария Браньяс дүйнөдө коронавирус илдетинен айыккан эң улгайган адам болуп калды. Ал коронавирус инфекциясын март айында Испаниянын Олот шаарындагы карылар үйүнөн жуктуруп алганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мария Браньястан коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин, ал ооруну башкаларга жуктурбаш үчүн 113 жашын бир бөлмөдө жалгыз тоскон. Анын кызынын айтымында, ал туулган күнүн жалгыз тосконго абдан капа болгон. Тилекке каршы, коронавирустун айынан ал жашаган карылар үйүнөн 17 адам каза болгон.

Мария Браньяс Испаниянын эң кары адамы. Ал 1907-жылы АКШнын Сан-Франциско шаарында төрөлгөн жана 1915-жылы үй-бүлөсү менен чогуу Испанияга көчүп барышкан. Ал эки дүйнөлүк согушту, Испаниядагы жарандык согушту жана коронавирус инфекциясын башынан өткөргөн жалгыз адам болуп калды. Анын учурда 3 баласы, 11 небереси жана 13 чөбөрөсү бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан