25-марттан баштап өлкөдөгү ички аба каттамдары токтотулат

25-марттан баштап бардык ички авиакаттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын айрым район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиакаттамдар гана уча алышат.

Белгилүү болгондой, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана аталган шаарлардан Бишкекке чейин жүргүзүлүп келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан