Коронавирус инфекциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде жума намазын окуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шаардагы мечиттерде жума намазын окуганга убактылуу тыюу салынды. Коронавирус жуктуруп алгандар шаарда көп катталып, кырдаал курчуп жатат. Ага ылайык, шаардык штаб массалык топтолууга бөгөт коюуда", - деп билдиришти мэриядан.
Мындан тышкары оору күчөп жаткандыгына байланыштуу шаардагы Раатбек Санатбаев спорт мектебине күндүзгү стационар ачылат.