Министрлик: "Пакистанда коронавирус жуктурган Кыргыз жаранынын абалы тууралуу расмий маалымат келе элек"

Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарынын ичинен канчасы коронавируска кабылганы жана Пакистандагы жарандын абалы тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.

"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин вирус жуктуруп алды делген жаран тууралуу расмий билдирүү келе элек", - деди ал.

Буга чейин Пакистанга даваатка барган Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганын Тышкы иштер министрлиги билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан