Өлкөдөгү коронавирус аныкталган алты адам жандандыруу бөлүмүнө которулду

Бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берүүдө. Ага тактоочу суроо журналисттер тарабынан берилди.
"Стационардык дарылануудан өтүп жаткандардын арасынан:
122 адамдын абалы - канааттандырарлык;
10 адамдын абалы - орто оор;
6 адам - жандандыруу бөлүмүндө;
34 адам - абалы жакшы, үйгө чыгарылды" деген маалыматты тактап коёсузбу? Алты адамдан коронавирус аныкталганбы?" - деген суроо берилди.
"Ооба, айтылып жаткан алты адамдан вирус табылган. Алар өлкөнүн ар кайсы жаш курактагы жарандары. Учурда аларга карата тиешелүү болгон бардык дарылоо процедуралары жүргүзүлүп жатат. Ал эми абалы орто оор болуп жаткан 10 адам да коронавирусту жуктургандар", - деди Акматова.

Үйүнө чыгарылган 34 адамдан коронавирус аныкталган эмес, алар суук тийгизип же тумоолоп калышкан. Буга чейин дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөнү үчүн коопсуздуктан улам бейтапканага жаткырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Makul
2020-03-26 10:21:15
Ошондо 138 адам ооруп жатабы?
+2
Krai
2020-03-26 15:16:29
Makul,мен да ошого түшүнбөй калдым так маалымат берип койгулачы
0
admin_portal
2020-03-26 15:24:49
Krai, обсервацияда жаткандар тууралуу айтылган. 26-мартка карата вирус катталгандардын саны 44.
+1
Samatalibei
2020-03-26 10:48:09
Аллах ооруп жаткандарга шыпаа берсин! Кыргыз элимди оорудан, ушул күндөрдөн сактаган болсун! Оомийин...
+2
katerina.li
2020-03-26 11:10:02
Неге 122?? Общий 42 болуш керек элего??
-1
Milduri
2020-03-26 11:37:56
Анда 44төн көп болуп калдыбы коронавирус менен ооругандар?
0
iryi1
2020-03-26 12:11:18
Элибизди Жараткан Тенирим колдосун. Оорубайлык.
0
bekhaliev
2020-03-26 12:19:01
iryi1,ZB чыгардынар арыстат эконор
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан