Бүгүн, 19-июлга карата коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын саны 1 миң 20 кишини түздү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар төмөндөгү аймактардан аныкталды:
Бишкек – 369;
Чүй облусу – 123;
Ош облусу - 178;
Ош – 151;
Талас облусу – 37;
Нарын облусу – 31;
Ысык-Көл облусу – 31;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу - 60.
16-, 18-июль күндөрүнө берилген сандар такталгандан кийин жалпы сан 26 миң 532 адамга жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан статистикалык маалыматтарды тактоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат өз убагынан кеч берилип жатат. Белгилей кетсек, маалыматтар кайрадан каралып, такталгандан кийин 16- жана 18-июлунда берилген маалымат менен айырмачылыктар болушу ыктымал.