Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат.
Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек", - деди ал.