Улуттук энергетикалык холдинг: "Абоненттер үчүн узартып төлөө сыяктуу жеңилдиктер берилсе, биздин кызматкерлер айлык албай калышат"

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, ал эми Бишкек шаары жана бир катар аймактарда өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу жарандарда "Электр энергия үчүн акы төлөө мөөнөтүн узартса болобу? деген суроо жаралды.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингден" төмөндөгүдөй маалымат беришти.

"Учурда биздин өлкөдөгү кырдаалды түшүнүп жатабыз. Бирок абоненттер үчүн эч кандай узартып төлөө сыяктуу жеңилдиктер берилбейт. Анткени холдинг мамлекет тараптан каржыланбайт. Эгер төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартсак, биздин кызматкерлер айлык акы ала албай калышат. Бардыгы болуп бул тармакта 16 миңден ашуун адам эмгектенет. Мындан тышкары чогулган акча оңдоп-түзөө жана башка техникалык иштерге жумшалат. Каражат жетишсиз болсо систем токтоп калат. Бирок учурда биздин ишкана жалгыз бой энелерге жана башка аярлуу катмарга кирген абоненттерге жеңилдик берип жатат. Аларды биздин контролёрлор билишет", - дейт ишкананын өкүлү Нурдин Султамбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
anash
2020-03-27 21:37:21
Силерге соз жок коррупциянын баары силерде 1ай эч теке болбойт Эленер мамлекетке карабай кайда карайсынар?
+9
Chungyz
2020-03-27 22:07:23
очоко тамак кылат окшойбуз домдогулар
+5
chake
2020-03-27 22:40:57
энергетиканын ыссык суугуна тоңгон адамдар бар алар деле күнү түнү иштеп жүрөт алардын айлыгы берилбей калса ошондо даана концерт башталат бир күн ишке чыкпай калса бүттү 1 саат свеьиң өчсө ошондо билинет булардын эмгеги
+2
Adil18
2020-03-27 22:48:28
Энерго холдинг мамлекет тараптан каржыланбасанар,анда кимдер каржылайт сиздерди?
Элге кененирээк тушундурмо берсениздер!
Тан калыштуу мамлекет каржылабаса.
Президент,премьер министр,ЖКтин торагасы сиздерден сураныч,сиздерге караштуу тармактардын жооптуу жетекчилери,маалымат катчылары элге бир нерсени тушундуруп айтканга талап коюнуздарчы!
0
Adil18
2020-03-27 22:53:54
Мисалы:энерго холдингди мамлекет каржылабайт.
Элге кайрылуу жасап жатат,толук тушундурмо бербейби.
Биз тушкон каражатты озубузго албайбыз,тиешелуу тарапка которобуз.
Кайсы тарапка которот адамдын жинине тийбей айтсын.Кайсы бир тарапка которсо ачык атын атап айтсын.
Электриктерди сыйлайм.
Жумушу оор,татаал.
Жарык очсо кун суук учурларда электриктерге кайрылабыз.


+3
aydinnur
2020-03-27 23:01:14
А башка кабарларда журот го карантин буткондон кийин толосо болот деп же ага чейин очуруп салышабы?
+4
asman.81
2020-03-27 23:23:58
16 мин кызматкердин ден соолугу буларды кызыктырбайт,кокус кочодон иштеп журуп вирус жуктуруп алсачы.Уйдо бала чакасына жуктурат. Холдинг бул не дегени,олсон да капчыгыбызга акча тушуш керек дегениби?
+6
tular
2020-03-28 13:09:44
Энергохолдингди реформа кылыш керек, буларда миллиарддаган акча тушуп турат, ал акчалар кайда?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан