29-мартка карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны 663 миң 828ге жетти. Ал эми бул оорудан 30 миң 822 киши каза болсо, 139 миң 451и дарыланып ооруканадан чыгарылды.
АКШда коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат. Ал жакта 124 миң 217 адам вирус жуктурса, 1 миң 700 адам каза болуп, 1 миң 95и ооруканадан дарыланып чыгарылган. Ал эми Италияда 92 миң 472 киши коронавирус жуктурса, 10 миң 23 адам каза болду. Ооруканадан дарыланып чыккандардын саны 12 миң 384. Кытайда вирус жуктуруп алгандардын саны 82 миң 9га жетти. Каза болгондордун саны 3 миң 300, дарыланып ооруканадан 75 миң 101 адам чыгарылган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.