Сингапурда үй карантинин эрежелерин бузган жергиликтүү тургун жарандыгынан ажырады. Маалыматка ылайык, эрежеге баш ийбеген жаран жакында эле чет өлкөдөн келип, ал үй карантинине жөнөтүлгөн.
53 жаштагы Го Илья Виктор аттуу тургун талаптарды аткарган эмес. Мындан улам иммиграция башкармалыгы тургундун паспортун жокко чыгарып, ишти өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берген.
Белгилүү болгондой, жергиликтүү тургун 3-мартта Индонезияга барып, 19-мартта кайра Сингапурга келген. Ага үй карантининде болуу талабы коюлган. Бирок Го Виктор карантин учурунда өлкө аймагынан чыккан. Буга байланыштуу ал атайын эреже бузду делинип жарандыгынан ажыратылды.
Мындан тышкары жергиликтүү тургун 10 миң доллар өлчөмүндөгү айып төлөп же 6 айга эркинен ажыратылышы күтүлүүдө деп кошумчаланат.