Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Акыркы эки күндө 98 адам оору жуктуруп алды. Айтсак жаман көрөсүңөр, ишенбейсиңер, көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы катуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Бет кап кийип аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула. Укпасаңар, ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз", - деп жазды ал.